super.kg logo
  Саясат  

"Эл кантип жашаш керек?" Дастан Бекешев министрлер кабинети келечек тууралуу айта бербей бүгүнкү күндү айтышы керектигин билдирди

 

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети келечек тууралуу айта бербей бүгүнкү күндү айтышы керектигин билдирди.

"Өкмөт дайыма келечекте кылабыз деп айтат. Жөнөкөй тил менен айтсаңыз, бүгүнкү күндө эл кантип жашашы керек? Киреше, айлык, пенсия, жөлөк пул өспөй жатса эл кантип жашайт? Анысы аз келгенсип азыр кургакчылык болуп жатат. Август айында электр энергиянын баасы көтөрүлөт деп жатасыңар. Элдин чөнтөгүндө шамал ышкырып жатса кантип алар төлөйт? Жарым жылга жылдыруу керек", - дейт депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов учурда абал жакшы эместигин айтты. "Жолдорду оңдошубуз керек. Энергетикалык маселени тартипке келтиришибиз зарыл. Бул маселени бирөө моюнга алышы шарт. Чечимди азыр кабыл албасак, кийин оор болот", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: