Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарынын пайыздык өлчөмүн азайтуу сунушталды
Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылды.
Жыйында баяндама Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарынын пайыздык өлчөмүн азайтуу жана баштапкы төлөмүн алып салуу жактарын кайра карап чыгуу сунушталууда”, – деди ал.
Талкуу маалында депутат Улугбек Садиков 8 пайыздык чек өтө жогору экенин белгилеп, азайтуу зарылчылыгын кошумчалады. Депутат Карамат Орозова ипотекалык насыялардын пайызын азайтуу менен катар аз камсыз болгон жарандарга ылайыктуу турак-жайларды куруу керектигин айтты.
Өз кезегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова аз камсыз болгон жарандар үчүн баштапкы төлөмдү алып салуу демилгеленип жатканын маалымдап, турак-жай куруу багытындагы аракеттер да бар экенин билдирди.

