super.kg logo

Нарында 79 миллион сомго курулган инфекциялык оорукана ачылды

 

Нарын шаарында жугуштуу оорулар ооруканасы ачылып, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышты. Анда Бакашова министрлер кабинетинин атынан ооруканага 3 миллион 500 миң сом суммасындагы медициналык жабдуу тапшырды. Бул туурасында министрлер кабинетинен маалымдашты.

"Республикалык бюджеттеги жөнөкөй эмес абалга карабастан, мамлекет аймактарга өзгөчө көңүл буруусун улантууда. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысы жогорулатылды. Июль айынан тарта башка категориядагы врачтардын эмгек акысы 50 пайызга жогорулатылат. Июнь айынын башталышында "кызыл зонада" иштеген медициналык кызматкерлердин компенсацияларын төлөөгө республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүнгөн. Бардык төлөмдөр өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Нарын облусунун медициналык кызматкерлери жөнөкөй эмес шартта иштейт. Медиктерге жарандардын ден соолугу жана өмүрү үчүн күрөшүүдө жан аябастан эмгектенгендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет", - деди ал.

Наркы 79 миллион 200 миң сомдук жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылы башталган. 70 орунга ылайыкташтырылган медициналык мекемеде 10 реанимациялык орун, 10 интенсивдүү терапия палатасы жана 50 обочолонгон палата каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: