super.kg logo

Өлкө боюнча 90 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

 

18-июнга карата өлкөдө 90 миңден ашуун адам эмделди. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.

"Өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алгандардын саны 91 миң 545 адамга жетти. Экинчи дозаны алгандар 66 миң 578 адам. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча биринчи дозаны алгандардын саны 21 миң 830 адам, экинчи доза менен 18 миң 653 адам эмделди. Вакцинаны алгандан кийин эч кандай татаалдашуу жана өлүмгө учурагандар болгон жок. Эмдөө 18 жаштан жогору жана каалаган жарандарга жасалууда", - деп билдирди Асыкбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: