"Ала-Тоо" аянтында милициянын жаңы бөлүмчөсү ачылып, 10 электробайк тапшырылды (сүрөт)









Бүгүн, 18-июнь күнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, милициянын бөлүмчөсүнүн ачылышына ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББинин начальниги Азамат Ногойбаев, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов катышты.
"Аталган милициянын бөлүмчөсү милиция кызматынын заманбап талаптарына ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылды. Анда шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз жарандарына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Ошондой эле туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды. Бул транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.
Жакынкы күндөрү Бишкек шаарында ушундай милициянын заманбап бөлүмчөлөрүн эс алуу жайларында, шаардын борбордук бөлүктөрүндө, калк көп чогулган жерлерде ачуу пландалып жатканын кошумчалашты.



1 |