Кафелер, банктар, компаниялар. Бишкекте санитардык эреже сакталбаган жайларга айып салынды





Санитардык-эпидемиологиялык инспекция тарабынан Бишкектеги коомдук жайлардагы санитардык абал текшерүүгө алынды. Жүргүзүлгөн рейддин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы коомдук жайларда, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, Бузуулар кодексинин 70-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынды. Алар "СК Нурзаман", "РСК Банк", "Кыргыз Дан", "Demir Bank", "KG Group" спорт комплекси, Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжи. Ошондой эле Эркиндик бульварында кофе саткан фургондун ээси, Эркиндик бульварында балмуздак саткан фургондун ээси, "Ирина" кафеси да санитардык талаптарга жооп бербейт.
Урматтуу жарандар, сиздерден кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн айланасында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз", - деп жазылат маалыматта.
Санитардык нормаларды бузган бардык фактылар боюнча Санитардык-эпидемиологиялык инспекцияга кайрылыңыз: 0705564756.

