Айдоочулардын бири Владимир Чугуев буларга токтолгон: "Мен бул аймакка 4-июнда келгем. Ошол күндөн бери ушул жерде турам. Ушул жерде уктап, ушул жерде тамагыбызды жасаган үчүн күнүнө 4 миң тенге төлөйбүз. Бул каражатка жараша бул жерде эч кандай шарт деле жок. Дагы канча турарыбыз белгисиз", - деген ал.
Ал эми аталган райондун тийиштүү мекемесинен билдиргенине караганда, алар документтерди 30 күнгө чейин текшерүүгө укуктуу.
"Бизде жасалма документтер боюнча фактылар бар. Ошол боюнча биз текшерүү жүргүзүп жатабыз. Эгерде бул маалымат далилденсе, тийиштүү суммадагы айып пул салынат. Биз жүктөрдү, документтерди 30 күнгө чейин текшерүүгө укугубуз бар. Салык кызматы айдоочулар турган паркингди акысыз кылабыз деп убада беришүүдө. Бирок алар текшерүүнү тездете албайбыз деп жатышат. Болгону үч кызматкер иштейт. Демек, айдоочулар күтүүгө аргасыз болушат", - деп жооп берген тийиштүү мекемеден.