super.kg logo

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы менен Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жолукту

 

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров жолугушту. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу эки облустун туризмди өнүктүрүү багыты боюнча достук кызматташтык максатында уюштурулуп, эки тараптан тиешелүү облустук мекеме-ишканалар, район акимдери жана туризм багытында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн туристтик компаниялар жана белгилүү маданияттын кызматкерлери, жаштардын өкүлдөрү болуп, эки облустан чоң делегация катышууда.

"Бул достук кызматташтык жана туризмди өнүктүрүү боюнча жолугушуу буга чейин эки өлкөнүн президенттеринин Ташкент шаарындагы достук жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча макулдашууларынын алкагында өтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: