Бишкекте +35 градус. 19-июнда өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 19-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Бишкекте кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндө +17…+19 градус болсо, күндүз +33…+35 градуска чейин ысыйт.

