super.kg logo

"Кайнагасыныкына барып оокат кылып калчу". Ат-Башыда киши колдуу каза болгон келиндин артында 4 баласы калды

 

Буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда кайнагасы 38 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип андан соң өз жанын кыйган деп божомолдонуп жаткан.

Киши колдуу каза болгон 38 жаштагы Нурайым Кылычованын артында 2 уул, 2 кызы калды. Бул тууралуу атын атагысы келбеген маркум келиндин кошунасы билдирди.

Нурайым Кылычова

Анын айтымында, өз жанын кыйган 50 жаштагы Женя аттуу жарандын үй-бүлөсү болгон эмес.

"Женя үйлөнгөн эмес. Анын бир тууган иниси бар, башка деле жакын туугандары жок. Канча жылдан бери кошуна болуп алардын эч жамандыгын көргөн эмесмин. Устачылык кылып, эл катары эле жашашчу. Нурайым болсо өзүнүн үйүнөн сырткары кайнагасыныкына дагы барып, оокат кылып калчу. Окуя тууралуу айылда ар кандай кептер айтылып жатат. Келин экөө уруша кетип, пикир келишпестиктен улам ушундай иш болуп кетти окшойт", - деп билдирди кошунасы.

Окуянын чоо-жайы:

16-июнь күнү Ат-Башыдагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде Женя аттуу адамдын жансыз денеси бакка асынган абалда табылган.

Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылганда, ал 15-июндан тарта 1983-жылы туулган аялы дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген. Аялдын сөөгү окуя болгон жерден 500 метр аралыкта табылган.

Милиция кызматкерлеринин алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп андан соң өз жанын кыйган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
18.06.2021. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Үй бүлөсү жок болсо бечара келинди зордуктаганга аракет кылса, өзүн коргоп зыян келтирген окшойт да кайнагасына. Жаткан жери жайлуу болсун, калганыбызга ыйман бере көр Кудайым.
19.06.2021. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качан калат ушул адаттар,келин милдеттуу эмес кайнагасыныкына барып оокат кылганы.Илгери келиндер кайнагасыны келе жатса,алдынан чыкпай,ыйбаа кылып качышкан,бир дастаркондо отурушкан эмес,азыр демократия,стакан кагышып да отура беришет.Бул жерде иниси куноолуу,аялын жалгыз жоноткон.
19.06.2021. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уйундо эле окатынан берип ийсе балдарынан болмок да каап...
19.06.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alia82,Бизде оокат деп тамак-ашты эмес, жумушту айтат, балким уй жумуштарына жардам берчу
20.06.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка версияларды карап көрүш керек..... балким жолдошунун колунан келип жүрбөсүн..... агасы менен келинчегинен шек санап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: