БШК: "21-июнга чейин атайын минибустар Кыргыз жарандарына биометриядан өтүүгө жардамдашат"
21-июнга чейин атайын минибустар Кыргыз жарандарына биометрикалык каттоодон өтүүгө жардамдашат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Биометрикалык каттоо шайлоодо шайлоочулардын добуштарын анык саноону камсыздоонун чечүүчү бөлүгү болуп саналат. Биометрикалык каттоонун бар болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз катары кызмат кылат.
Учурда шайлоочулардын тизмесине 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу киргизилген. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин кеңейтүү жана жаңылоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүүдө.
Атап айтканда, 11-апрелде жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨПтүн жана Япония өкмөтүнүн колдоосу астында мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча алгач ирет өнөктүк өткөрдү.
Керектүү техникалык жабдыктар менен жабдылган атайын кичи автобустар республиканын шаарларын, айылдарын кыдырышты. 3-марттан 20-мартка чейин, башкача айтканда минибустар иштеген 17 күн ичинде 3 миңден ашык адам жер-жерлерде көчмө документтештирүү кызмат көрсөтүүсүн пайдаланышты. 2329 жаран биометрикалык каттоодон өттү, 585и каттоосун тариздешти жана 183 адам паспортторун алмаштырышты.
11-июлга дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча өнөктүк кайрадан жаңыланды.
17-июндан 21-июнга чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында атайын кичи автобустар Кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын кайрадан кабыл ала башташат. Ошол эле жерде жарандар жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот.

