super.kg logo

Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү элчилери дайындалды

 

Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү элчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Сыдыков Турдакун Сыдыкович Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Макеев Толенды Картанбаевич Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошону менен бирге президенттин жарлыктарына ылайык:

- Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

- Жусупов Бакыт Алиевич Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы (ЕККУ) жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Венгриядагы, Словения Республикасындагы, Словакия Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: