Коомдук ишмер, жазуучу Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий конференция өттү
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште жазуучу, прозаик, драматург, сценарист жана коомдук ишмер маркум Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, Казат Акматовдун туугандары катышууда.
Конференцияда төрага Талант Мамытовдун кайрылуу сөзү окулду. Анда маркумдун Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларга кошкон салымы баса белгиленди. “Легендарлуу парламенттин депутаты жана “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын лидери катары Казат Акматов Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийинки мамлекеттик жараяндарга жигердүү катышкан”, – деп айтылды.
Катышуучулар да илимий-тажрыйбалык конференциянын алкагында Казат Акматовду жылуу эскеришип, анын адамдык бийик сапаттары тууралуу сөз кылышты. Андан тышкары, ата мекендик адабиятка кошкон зор салымы жөнүндө да кеп козгошту.
Белгилей кетсек, Казат Акматов “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Мунабия”, “Архат” сындуу мыкты чыгармалардын автору. 1978-жылы жарыяланган “Эки сап өмүр” повести Островский атындагы Бүткүн союздук адабий сыйлыкка татыган. Ошондой эле коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, СССРдин Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны да жетектеген.

