super.kg logo

Ат-Башы районунун аймагына соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор талкууланды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн жер тилкелерин трансформациялоо, таза суу менен камсыздоо, электр энергиясына болгон тарифтер, социалдык объектилердин, жолдордун курулушу боюнча жана жеке мүнөздөгү суроолоруна жооп берди.

Садыр Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландары, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана ишкерлер менен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялардын пайыздык ченин төмөндөтүү чаралары, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча учурдагы иш-аракеттер, экономиканын ар кандай тармактарына чет элдик инвестицияларды тартуу иштери жөнүндө айтып берди.

Президент ошондой эле жакынкы мезгилде Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим тууралуу кеп кылып, ага жыл сайын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын дүң пайдасынан 0,6 пайыз которуларын айтты. Бул каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталат.

Жолугушууда башка маселелер менен катар Ат-Башы районунун аймагына соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор талкууланды.

Мамлекет башчысы облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө ал биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынарын билдирген. Мына ошондуктан ал эл менен кеңешүүгө келгенин айтты.

Эгер атбашылыктар таптакыр эле каршы чыгышса, анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Президент соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү болорун, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болуп берерин баса белгиледи.

Район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешти. Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдошорун билдиришип, ошону менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: