super.kg logo

Ош облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары күчѳтүлѳт

 

Ош облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары күчѳтүлѳт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү Ош облустук ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бөлүмүнүн адаттагыдай ишке бѳлүштүрүү боюнча нускамасы Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Абитовдун катышуусу менен коштолду. Башкармалыктын башчысы алгач Ош облусунун аймагында 5 ай ичинде катталган жол кырсыктарынын абалына токтолду. Ошондой эле талдоонун негизинде кайсы аймактарда кайсы мезгилде жол кырсыктары жүз берген болсо ошол жагдайларды эске алуу менен иш алып барууну жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчѳтүлгѳн чараларды кѳрүү боюнча тапшырма койду. Ички иштер министрлигинин койгон талаптарын аткаруу максатында бир топ тапшырмаларды берди.

Жайкы эс алуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күчтѳр иш алып барышат. Айрыкча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо талаптарын аткаруу жана жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иштерди күчѳтүү, ѳздүк курам арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону талап кылды. Ошондой эле жайкы эс алуу сезону башталгандыктан эс алуучуларга жана туристтерге карата кылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчѳтүү зарылдыгын белгиледи. Аталган кызматтын кызматкерлери талдоонун негизинде түзүлгѳн дислокация боюнча кѳзѳмѳл жүргүзгѳнү жумуш орундарына бѳлүнүштү.

Ош облусунун аймагында 5 ай ичинде 315 жол-унаа кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 49 жаран каза болуп, 555 жаран денелеринен ар түрдүү жаракат алышкан. Күн сайын жол-унаа кырсыктарынын саны ѳсүүдѳ. Ѳзгѳчѳ үрѳй учурган жол кырсыктары катталууда.

Мындан сырткары Ош ОИИБи боюнча ЖКККБнын 24 кызматкери аларга кѳмѳк кѳрсѳтүшүп, 8 сааттан күнү-түнү кезметте турушуп жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳшѳт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: