Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычынын абалы менен таанышты






Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Көрүнүп тургандай, суу сактагычта чындыгында суу аз. Суунун деңгээли төмөндөдү, Чүй облусунда сугат суунун жетишсиздигинен улам Орто-Токой суу сактагычынан суу алынып жатат. Бул аргасыз чара болууда, кырдаал жөнгө салынары менен суу сактагычтан сууну коё берүү көлөмү кыскартылат", - деди Улукбек Марипов.
Суу сактагычтын абалы менен таанышууда министрлер кабинетинин башчысы бир катар маселелерди көтөрдү.
"Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу негизинен айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуудан көз каранды. Эгерде сугат каналдары тазаланбаса жана оңдолбосо, сууну коё берүүнүн натыйжасы төмөн болот. Суу талааларга жетпей калат. Бул маселе жылдан жылга курчуй берет. Сууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн сууга болгон тарифтерди кароо, жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилиги сыяктуу комплекстүү мамиле керектелет. Эгерде бул ассоциациялар айыл өкмөтүнүн балансында болсо, анда каражаттар жергиликтүү казнага түшүп, дыйкандар жергилктүү бийликтен тийиштүү суунун көлөмүн талап кыла алат. Учурда министрлер кабинетинин күн тартибинде бул маселелер турат", – деди Улукбек Марипов.
Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кайтарылган объектинин аймагында жашаган Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту.
"Мындагы жашоо-шартты ыңгайлуу деп айтууга болбойт. Муну эске алуу менен суу сактагычтын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселесин кароо зарыл. Жалпысынан алганда сиздер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенип жатабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.
Орто-Токой суу сактагычы жылына 470 млн куб суу жыйнайт. Суу сактагыч аркылуу Чүй облусунун 220 миң га жери сугат суу менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө суунун жетишсиздигине байланыштуу сууну коё берүү көлөмү жогорку белгини – 120 кубду түзүүдө, өткөн жылы бул көлөм 90-100 кубду түзгөн.



1 |