super.kg logo

Бишкек шаардык кеӊешке кайра шайлоого катталган саясий партиялар үчүн окутуу өткөрүлдү

 

Бишкек шаардык кеӊешке кайра шайлоого катталган саясий партиялар үчүн окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинарда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоого байланыштуу тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алууга жана чыгымдоого бирдиктүү ыкма киргизилип, кайрымдуулук кылууларга тыюу салынгандыгы, каржы отчётторун БШК сайтына жарыялоого милдеттендирилгендиги белгиленди.

Катышуучулар өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү, үгүт жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө шайлоо талаш-тартыштарын чечүү жөнүндө маалымат алышты. Шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын алгоритмдери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери, шайлоо фонддорун түзүү, шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: