Жогорку Соттун төрайымы Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жети-Өгүз райондук сотунда үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн беш кызматкери жана сот приставдар бөлүмүнүн бир улук сот приставы эмгектенишет.
Жети-Өгүз райондук сотунда бир соттук отурум залы бар жана учурда сотто автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү иштеп келет.
Нургүл Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды. "Сот тутумунун коом ичиндеги аброюн жогорулатуу үчүн ар бириңиздердин жардамыңыздар керек. Жарандарга сылык мамиле кылып, ийкемдүү болсоңуздар жана мыйзам чегинде гана иштесеңиздер сотко болгон ишеним да артат", — деди төрайым Жети-Өгүз райондук сотунун аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда.

