super.kg logo

Жалал-Абад. Кечээ көмүр шахтасында каза болгондордун аты-жөнү такталды

 

Кечээ күнү саат 11лер чамасында Сузак районуна караштуу Маркай айылында жайгашкан Токтоболотов Аттокурга тиешелүү "Кыял" менчик шахтасында, шахтанын жетекчисинин уруксаты жок көмүр казып жатканда газга ууланып 5 адам каза болгон эле. Каза болгон адамдардын денелери жергиликтүү эл тарабынан шахтадан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген болчу. Бүгүн каза болгондордун аты-жөнү такталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Каза болгондор: 

1. Уркумбаев К. 1990-жылы туулган, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Маркай айылынын тургуну;

2.  Матиев Ж. 1962-жылы туулган, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Маркай айылынын тургуну;

3. Токтогулов А. 1976-жылы туулган, Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылынын тургуну;

4.  Салиев К. 1976-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Ак-Тоок айылынын тургуну;

5.  Салиев Э. 1996-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Ак-Тоок айылынын тургуну.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: