Республикалык штабда эпидемиологиялык абалдын начарлашы талкууланды
Республикалык штабда эпидемиологиялык абалдын начарлашы талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова: "Коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелерде жетиштүү сандагы негизги жана резервдик орун болушун ар дайым көзөмөлдөп туруу керек. Ошондой эле дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек", - деди.
Ал калкты масштабдуу эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн негизги чарасы бойдон кала берерин белгиледи.
"Орусиядан вакцинанын кезектеги партиясы келди. Эпидемиологиялык кырдаал бир кыйла начарлап кеткен аймактарга жана шаарларга жиберилиши керек. Ошол эле учурда биз жарандарды коопсуздук чараларына жана каралган санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырабыз. Кырдаалдын начарлашына даяр болушубуз керек", - деди ал.

