Тышкы иштер министри Малайзиянын тышкы иштер министри менен жолугушту
Анталья шаарында өтүп жаткан Дипломатиялык Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Малайзиянын тышкы иштер министри Хишаммуддин Хуссейн менен жолугушуусу болуп өттү.
Анда тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, мындан ары өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти жана 2021-жылы биринчи Кыргыз-Малайзия Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.
Кыргыз мамлекети менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүү максатында тышкы саясий ведомстволордун башчылары өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.
Эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.