"Алдыбызда сугат суу көйгөйүн чечүү иши турат". Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Суу – бул өмүр. Сугат суусуз айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана мыкты түшүм алууга мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Бүгүн кургакчылык шартта, биздин дыйкандарыбыз сугат сууга таңкыс болуп турган учурда сиздердин эмгегиңиздер абдан маанилүү болуп саналат.
Министрлер кабинети ирригациялык тармактарды жана каналдарды өнүктүрүү зарылдыгына маани берүү менен алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы арада биздин алдыбызда сугат суу көйгөйүн чечүүгө, ирригациялык тармактарды оңдоого жана сугат жерлердин аянтын жогорулатууга жөндөмдүү жаңы каналдарды курууга багытталган биргелешкен иш турат.
Ошол эле учурда тамчылатып сугаруу, жаңы скважиналарды казуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу ыкмасын активдүү пайдалануу менен тармактагы жаңы технологияларды өнүктүрүү зарыл.
Биз биргеликте алдыга коюлган милдеттерди толугу менен чече аларыбызга ишенем, анткени Кыргыз Республикасы чоң суу ресурстарына ээ.
Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубаттуулук, тынчтык, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен", - деп айтылат куттуктоодо.

