Тышкы иштер министри европалык кесиптештерин Кыргыз өлкөсүндө өтө турган "Европа биримдиги - Борбордук Азия" экономикалык форумуна катышууга чакырды




"Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, Черногориянын тышкы иштер министри Жордже Радулович жана Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр Казакбаев европалык кесиптештерине өлкөдөгү ички саясий реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Европа өлкөлөрү менен жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү перспективада ушул тармактарда мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн "жол картасын" иштеп чыгуу максатында тараптардын ар бири менен тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган "Европа биримдиги — Борбордук Азия" экономикалык форумуна катышууга чакырды.

