super.kg logo

"Бүгүнкү күнгө чейин табыла элек". Чүйдө 15 жашар бала февраль айынан бери дайынсыз болууда

 

Буга чейин Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган. Ал бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми SUPER.KG порталына аталган өспүрүмдүн апасы буларды билдирген: "Балам бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болууда, байланышка дагы чыккан жок. Нарын облусунун Ат-Башы районунда атасы бар. Ажырашканыбызга 10 жылдан ашты. Негизи үйдөн качканда атасына кетип калчу. Бул жолу ал жакка барбаптыр. Мен экинчи жолу турмушка чыккандан бери балам атасы экөөбүздүн ортобузда эле жүрчү. Бир ай меникинде, кайра атасыныкына жүрүп келчү. Атасынын дагы үй-бүлөсү бар. Менин биринчи турмушумдан 2 балам, экинчи турмушумдан 1 кызым бар. Учурда Чүйдө жашайм", - деп билдирген ал.

Окуянын чоо-жайы:

8-апрель күнү Панфилов райондук милициясына 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

Арыз ээси менен сүйлөшүү учурунда өспүрүм бала Ысык-Көл облусунда туулуп, өскөнү белгилүү болгон. Апасынын айтымында, ал 5-класстан баштап мектепке барбай, үйдөн кача баштаган. Кийинчерээк апталап же айлап жоголуп кеткенин билдирген. Ушул себептүү апасы арызды убагында жазган эмес.

Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, арык чырай, башынын сол жагында тырык бар.

Милиция сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: