super.kg logo

12 жашынан тартып телеге чыккан коомдук ишмер Ассоль Молдокматова 45 жашка толду

 

Мындан 45 жыл мурун дал ушул күнү коомдук ишмер, телеалпаруучу, продюсер жана модельер Ассоль Молдокматова Бишкекте белгилүү журналист, акын Абдыкалый Молдокматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ассоль Молдокматова 12 жашынан тартып телеге чыгып, "Час пик", "Всем, всем добрый день!" телеберүүлөрүн алып барган. Ошол эле убакта журналисттер мектебин аяктап, радио, гезит, теледе иштей баштаган. Ал эми 16 жашынан тартып чоң масштабдагы шоу-программа, фестиваль, сынактарды алып бара баштаган.
Молдокматова туулган күнү менен куттуктаган замандаштарына ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү жазган.
"Бүгүн менин күнүм, менин сүйүктүү жана сулуу апам жарык дүйнөгө алып келген күн. Ата-энеме өмүр үчүн рахмат, достор, жылуу сөздөрүңөр жана каалоолоруңар үчүн ыраазычылык. Бүгүн мен баарына, чексиз сүйүү, ден соолук жана бакыт каалайм, анткени айланада бардыгы бактылуу болсо, анда бүтүндөй дүйнөдө тынчтык орнойт, бүткүл дүйнөдө кубаныч өкүм сүрөт, бул мага керек. Бүгүн менин күнүм болгондуктан мен бул тилегимди айтам жана ал сөзсүз орундалат! Сүйгүлө жана сүйүктүү болгула! Туулган күнүм менен", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми Ассоль айымды куттуктап, жылуу сөздөрүн жазгандардын бири композитор Жамиля Муратова.

"Ассоль туулган күнүң менен. Сени дүйнөгө тартуулашты жана сен дүйнөгө көптөгөн жакшылыктарды тартуулап жатасың. Ден соолукта бактылуу жаша. Сүйүү жана гүлдөп өсүү каалайм".

Андан сырткары социалдык тармактын көптөгөн колдонуучулары куттуктоолорун калтырышууда.

"Ажарлуу, мээримдүү, активдүү, айкөл, акылман, элдик Ассоль айым, туулган күнүңүз кут болсун. Биз сизди чын жүрөктөн жакшы көрөбүз жана өзүбүзгө каалаган бардык жакшылыктарды сизге да каалайбыз, элдин бактысына бар болуңуз", - деп жазышууда.

21-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: