Өлкөдө курулуш материалдары кымбаттады
Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу курулуш товарларынын баалары жалпы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак-жайларды оңдоо үчүн колдонулган материалдар 10,5 пайызга кымбаттаган. Кыштын баасы - 17 пайызга, кесилген жыгач материалдар - 15,6 пайызга, шифер - 15,2 пайызга, цемент - 10,4 пайызга эң көп кымбаттаган материалдар болуп белгиленген.
Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашкан. Баалардын эң жогорку деңгээли 1000 даана үчүн - 10 миң сом Нарын жана Талас облустарында байкалган. Кесилген жыгач материалдары Баткенде куб метрине - 19 миң 313 сом жана Жалал-Абадда куб метрине - 18 миң 135 сом олуттуу кымбаттаганы катталган.







1 |