super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы Кемин районунун судьялары менен жолугушту

 
Бүгүн, 21-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун төрайымы Нургүл Бакированын Чүй облусуна болгон иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрайым Кемин райондук сотунда болду.

"Бакирова Кемин райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Ал жергиликтүү соттордун иш-шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери менен таанышты. Райондук соттогу жыйында Нургүл Бакирова сот тутумунда иштеген кызматкерлердин билим деңгээли, маданияты, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Жолугушууда сот реформасы, сот тутумунда иштеген кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, кадр маселеси, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды.

"Эл сиздерден калыс жана адилет чечимдерди күтөт. Таза жана мыйзам чегинде гана иштешиңиздер керек. Андан тышкары кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүшү керек" деди төрайым.

Төрайым өзгөчө аталган соттун санариптештирүү иштерине кызыкты. Сот залдарындагы аудио жана видео системаларынын иштешин текшерип чыкты. Ошондой эле соттун иш бөлмөлөрүн, архив, сот отурумдар залдарын кыдырды.

Жогорку Соттун төрайымы аталган соттун аппарат кызматкерлеринин, ошондой эле сот аткаруучулар жана сот приставдарынын суроолоруна жооп берди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: