Баткенде наркы 5 миллион сомдон жогору болгон контрабандалык товарларга бөгөт коюлду



Баткен облусунун аймагында наркы 5 миллион сомдон жогору болгон контрабандалык товарларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Миң-Чынар-Апкан автожолунда Кыргыз жаранынын башкаруусундагы DAF үлгүсүндөгү транспорттук каражаты токтотулуп, текшерилген. Натыйжада унаанын жүк бөлүгүндө тийиштүү документтери жок ассортименттеги элдик керектөө товарлары (тиричилик товарлары, кийим-кече) бар экени аныкталган.
"Товардын болжолдуу жалпы наркы 5 миллион сомдон жогору. Токтотуу учурунда айдоочу товар ташуунун легалдуулугун ырастаган кандайдыр бир товар коштоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Унаага мөөр басылып, убактылуу жайга токтотулган. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Баткен ОИИБине өткөрүлүп берилген. Учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

