Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады




Бүгүн, 21-июнда президент Садыр Жапаров аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу - кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин белгиледи.
Садыр Жапаров айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.
"Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун", - деди Садыр Жапаров.

