super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган Жайдар Нургазиев: "Гонконг шаардык университетинде билим алам"

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгып, мектеп бүтүрүүчүлөрү катуу толкунданып турган учур. Бул жылы тестирлөөдөн эң жогорку 232 баллды Караколдогу Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. "Алтын сертификат" алуу үчүн акыркы жарым жылда тынбай окудум" деген Жайдар Нургазиев менен SUPER.KG порталы маек курду.

Жайдар билимин Кытайдан улантууну пландап жатат. Ошондой эле ал буга чейин "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алган.

- Алгач ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Мындай кубанычтуу кабарды кимден уктуңуз?

- Мен бул кабарды апамдан уктум. Мектептен апама чалып айтышкан экен. Бүт үй-бүлөбүз менен абдан кубандык. Эң жогорку упайды алганыма бир эсе таң калсам, бир эсе сүйүнүп жаттым. Анткени биринчини алам деп ойлогон эмесмин. Бирок "Алтын сертификат" алам деп максат коюп, ошого даярдангам.

- "Алтын сертификат" алуу оңой болбосо керек. Тестирлөөгө кантип даярдандыңыз?

- Аябай деле катуу даярданган жокмун, кыйналып, стресс болгон жокмун. Бирок көп убакыт даярданып, көп күч жумшадым. Тестирлөөгө чейинки жарым жылда ар бир күнү даярдандым. Ар күнү бир аздан математикадан эсептерди чыгардым, бир аз орус тилден окуп жаттым. Кошумча математика жана англис тилдерден сынак тапшырдым. Бул жыйынтыкка жетүүгө жардам берген мугалимдериме, ата-энеме абдан ыраазымын.

- Кайсы кесипке кызыгасыз, кайсы окуу жайдан билим алайын дейсиз?

- Гонконг шаардык университетине тапшырдым. Бул университетке тапшырып жатканда ЖРТдан 210дон жогору упай алсаң стипендия беребиз деген шарт койду. Ал жакта социалдык илимдер факультетинде окуйм. Өзүм психологияга, социологияга жакынмын. Бул кесип мага туура келет деген ой менен тандадым. Окууну аяктагандан кийин кайра Кыргыз өлкөсүнө келем. Коомго, кыргыз элине кызмат кылгым келет.

- Тест учурунда билбей калган суроолор болдубу?

- Тест учурунда өзүмдү ээн-эркин алып отурдум. Бардык суроолор, тапшырмалар түшүнүктүү болду. Көбү логикалык ой-жүгүртүүнү талап кылгандыктан көп ойлонууга туура келди. Ошондуктан жыйнактуу, шашпай, толкунданбай отуруп, суроолордун баарына жооп берүүгө аракет кылдым.

- Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша турган окуучуларга кандай кеңеш бересиз?

- Менин кеңешим, тест учурунда толкунданбаш керек. Анткени бул нерсе упайларды жоготууга алып келиши мүмкүн. Башкысы акыркы айларда дароо даярдана калайын дебей, даярдыкты эртерээк башташ керек. Жок дегенде 3-4 ай же жарым жыл мурун.

- Буга чейинки ийгиликтериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- Лицейде жакшы окуган окуучулардын катарында болдум. "Алтын тамга" алдым. Ошондой эле англис тилден облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алып жүрдүм. Мугалимдер тестирлөөгө даярдануу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Сабактан кийин бош убакытта даярданып, ошондой эле кошумча сабактарга кирип жаттык. Дем алыш күндөрү үйгө барып турчумун. Үйгө келгенде да окуп жаттым. Бирок үйдө окуш бир аз кыйын. Лицейдин атмосферасы башкача. Айланаңда баары окуп жатса, сенин да окугуң келет. Бул дагы "Алтын сертификат" алуу үчүн жакшы шылтоо болду.

- Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Караколдо туулуп, Балыкчы шаарында чоңойгом. 7-класстан баштап Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинде окуй баштадым. Андан кийин ата-энем да бул шаарга көчүп келишти. Алар экөө тең "Кумтөрдө" иштешет. Бир агам жана бир иним бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
21.06.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын! Ийгилик сага!
21.06.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озун да ошол кытайларга окшош экенсин,ошол жакта которуло бер
21.06.2021. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын мындан ары да ийгилик!
21.06.2021. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайм, ийгиликтерди багынта бер! Бизге да жуксун
22.06.2021. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец,акылдуу ,илимдуу,билимдуу жаштар кобойо берсин!.Иншаалах кызым дагы билимге кызыккан жаштардан болуп чонойушун тилейм!
28.06.2021. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИншаАллах менин кыздарым да алтын сертификат алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: