super.kg logo

Мирбек Атабеков: "Вакцина алгандар деле, антителасы барлар деле ооруйт экен"

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков COVID-19 жана пневмония илдетинен айыкты. Бул туурасында ырчы мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду. Экинчи жолу илдеттен жабыркаганын айткан ырчы буларга токтолду.

"Былтыр дагы коронавирус инфекциясы менен жабыркап, оор формада өткөн. Анда өзүм ооруп жатам деп жатып алгам. Анан дагы телефон чукулап, интернеттен коронавирус тууралуу жаңылыктарды окуп, режим сактаган эмесмин. Ошентип ооруну күчөтүп алгам. Бул жолкусунда психологиялык жактан даяр болуп, дароо эле режим сактоого өттүм. Убагында уктап, көп кыймылдап, туура тамактанып жаттым", - дейт ал.

Вакцина алгандар деле, антителасы барлар деле ооруйт экен деген Мирбек Атабеков бул жолкусунда илдет жеңил өткөнүн айтты.

"Буга чейин вакцина алам деп жүргөм. Менде антитела бар болгондуктан, дарыгерлер вакцина албай турууну сунушташкан. Антитела жок болгондон кийин алам деп жатканда, жакын таанышым эмдөөдөн кийин катуу ооруп калды. Ошондо азырынча эмдөө албай турайын деп койгом. Көп өтпөй эле ооруп калдым, бул жолу бир эле күн дене табым көтөрүлүп, эртеси жок болуп кетти. Антитела болгону, режимди туура сактаганым үчүнбү бул ирет илдет жеңил өттү. Эң негизгиси өзүн көзөмөлгө алып, режим сактаса ооруну оңой жеңүүгө болот", - деди ал.

Мирбек Атабеков коронавирус күч алып турган кезде той-топурларды, массалык иш-чараларды токтото турууну, өзү дагы иш-чараларга убактылуу барбай турганын кошумчалады.

Эске салсак, ырчы 2020-жылы июль айында коронавирус инфекциясына кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.06.2021. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жок болуп бараткан ырчылар кайра эле өздөрүн ушинтип чыга калышат. Азыр чындап келгенде баарыбыз эле оорудук бул оору менен Аллахым шыпаасын берип, айыгып атабыз ушул чала ырчылар күйгүздү күнүгө эмне кылганын элге жарыя кылышып...
22.06.2021. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Asmat84,Мирбек чала ырчыбы? Мирбек чала ырчы болсо,анда калган ырчыларды ырчы деп айтпай эле койуш керек го. Кыргызстанда ырчы жокко анда э
22.06.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы былтыры 8-июль,быйыл 26-майда оорудум.Экинчи жолу оорубайт деген жон эле жомок.Вакцина деле бардык штаммга дал келбейт.
22.06.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башы оору грипп деген оорулар унутулуп кетет окшойт, башы ооруса деле экеленишип карона дешип. 4 5 күндөн бери катуу оорудум бүгүн Аллахыма шүгүр жакшы болуп калдым, анан кичине оорусак деле экеленбей сабыр кылганды үйрөнөүчу. Бүгүн болницага баргандан да коркосуң башка жериң ооруса да карона деп жаткызып салышат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: