Кыргыз кинолору Орусиянын эң ири онлайн-платформасына чыкты
Бүгүн кыргыз кинолору Орусиянын эң ири онлайн-платформасы ivi'ге чыкты. Бул тууралуу кинорежиссёр Айбек Дайырбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
"Сонун жаңылык! Тарыхый кадам.
Буга чейин ivi'де кыргыз кинолорунун ичинен "Дарак ыры" тасмасы жалгыз турчу эле, эми тандалма кыргыз кинолору КМШ өлкөлөрүнүн онлайн көрсөтүүлөр боюнча көрөрмандарга тартууланып, системалык түрдө толукталып турат.
Бул кадам эл аралык тармактагы иштердин алгачкылары гана. Жакында дагы жаңылыктарыбыз болот.
Бул иш Кинематографисттер Союзунун, Кыргызфильмдин, Этномедиянынын, Lights creative group'тун жана башка көптөгөн продюсерлердин, режиссёрлордун көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы.
Жакынкы арада ivi'де гана эмес, Netflix, Disney+ жана башка дүйнөлүк онлайн платформаларда кыргыз кинолору чыгып калса кандай сонун болот эле", - деп жазып калтырган Дайырбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.