"19 жаштан 30 жашка чейинкилер...". Жалал-Абад облустук милициясы бош орундарга сынак жарыялайт

Ага ылайык, конкурска 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз жарандары катыша алат.
Бош кызмат орундары:
- Жалал-Абад ОИИБинин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин 1 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун коштоочу-милиционеринин 1 кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун автозак айдоочу-милиционеринин 1 кызмат ордуна.
"Тиешелүү документтер 17-июлга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот. Байланыш телефону: (03722) 7-02-81", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.