super.kg logo

"Тамак-ашка чөйчөк, кашык, кружкалар жетишсиз". Оштогу убактылуу кармоочу жайларда кемчиликтер аныкталды

 

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери июнь айында Ош шаардык жана Ош облустук убактылуу кармоочу жайларында болуп, андагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүү боюнча берилген көрсөтмөлөрдү кандайча аткарып жаткандыгын текшеришти. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Атайын алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарындагы, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы убактылуу кармоочу жайларында төмөнкүлөр белгилүү болду:

"Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы аткарууга жиберилген катка карабастан медициналык кароонун тийиштүү формасы колдонулган эмес. Кызматкерлер спирт ичимдиктерин жана баңгизаттарды колдонгондугун тастыктоочу текшерүү формасын толтурууну улантышууда. Анда адатта денеде жаракат жок жана ден соолугуна байланыштуу эч кандай арыз түшкөн эмес деп жазылышы керек болчу. Мындан тышкары адамдын денесинен эч кандай жаракат табылбагандыгы жөнүндө кадимки кагазда тастыктоочу маалым кат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош облусунун Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында бир айдан бери жаңы кармалгандар болбогондуктан медициналык текшерүү формасын толтурууга даяр болгону менен, аны колдонушкан эмес. Анткени менен жабык мекеменин ишинде кемчиликтер дагы аныкталды – идиш-аяк (табак жана кашык) жетишсиз. Жетекчиликке мүчүлүштүктөрдү четтетүү сунушталып, ал тууралуу текшерүүчүлөрдүн журналында жазылды.

"Өзгөн жана Кара-Кулжа РИИБинин убактылуу кармоочу жайларында кармалгандар тамак-ашка, чөйчөктөрдүн, кашыктардын жана кружкалардын жетишсиздигине нааразы болушууда. Бул кемчиликтерди четтетүү тууралуу изолятордун башчысына сунуштар берилди. Жабык мекемелерге атайын текшерип баруулардын натыйжалары боюнча камактагы шарттардын бузулушу боюнча актылар түзүлүп, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү", - деп билдиришти Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: