Мэрдин милдетин аткаруучу: "Шаардык кеңеш шайланып келгиче жол акысы көтөрүлбөйт"
11-июлдагы шайлоодо шайланып келе турган шаардык кеңештин депутаттары маршруттук таксилердин тарифин көтөрүү же көтөрбөө маселелерин карап берет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.
"Маршруттук таксинин айдоочулары бүгүнкү күндө жол кире тарифин көтөрүп бергиле деген талапты коюшкан. Тарифти көтөрүү үчүн биринчиден, бул мэрдин милдеттенмелерине кирбейт. Тарифтик саясатты Бишкек шаардык кеңеши жүргүзөт. Ошону биз айттык, бирок ортодо түшүнбөстүктөр болду. Шаардык кеңеш 11-июлда шайланып келет, тарифти көтөрүү же көтөрбөө маселелерин карап берет. Ага чейин жол акысы көтөрүлбөйт.
Маршруттук таксилердин жардамы менен ар түрдүү көйгөйлөрүбүз чечилип келди. Бүгүн аларды линиядан такыр эле алып таштоо же жумуштан алып салуу деген маселе жок. Бара-бара жок дегенде шаардын борбордук бөлүгүн жаңы автобус, троллейбустар менен камсыздап, эски маршруттардан арылышыбыз керек. Ал эми маршруттук таксилер шаардын сырт жагына тейлөөгө чыгышы керек. Анткени биздин автобус, троллейбус барбаган жаңы конуштарыбыз бар", - деп билдирди Кудайбергенов.

