Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди



Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул иш-чара согуштун орун алганына 80 жыл болгонуна багытталды.
Эскерүү иш-чарасына Улуттук копсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү келип катышы. УКМКнын Чек ара бөлүмүнүн ветерандар уюмунун төрагасы Чолпонбек Буржуевдин айтымында, пандемия шартына байланыштуу чоң масштабдагы иш-чара өткөрүүгө мүмкүн болбой калды.
"Биз ар дайым Жеңиш күнүн белгилеп көнүп калганбыз. Бүгүн, 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө 80 жыл болду, ошол себептен биз ата-бабаларыбызды эрдигин эстеп аза күтүү, эскерүү кылып жатабыз", - деди Буржуев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.