super.kg logo

Чүйдөгү 16 жаштагы кыздын өлүмү: Апасы суук кабарды угуп ооруканага түштү

 

Кечээ, 21-июнда Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кыз киши колдуу болуп каза болгон. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын ичинен жалгыз кыз болчу, андан кийин эки иниси бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Түлөбаева билдирди.

"21-июнь күнү эртең менен саат 09:00дөн 10:00гө чейин 9-класстарга күбөлүк тапшыруу аземи болгон. Маркум кыз күбөлүгүн алып үйүнө кеткен. Үйүнөн кийимин которуп, керектүү шаймандарын алып, мурунку жашаган башка көчөдөгү жер тилкесиндеги огородун сугарам деп кетиптир. Ошондон кийин анан ушул кырсыкка кабылып отурат. Кылмышка шектүү кошунасы экен.

Кыз үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болгон. Аябай жакшы кыз болчу. Атасы менен апасы ажырашып кеткен. Эки инисин карап, үйдө болгон бардык оокатты жасачу экен. Мугалимдердин айтымында, кыз аябай жоош, өтө эмгекчил, конфликке барбаган кыз болгон. 4-класс кезинде Алматыдан көчүп келишкен.

Сөөгү эртең жерге берилет. Апасы бул кабарды уккандан кийин өзүн жаман сезип, "Тез жардам" менен ооруканага алып кетишиптир", - деп билдирди ал.

Окуянын чоо-жайы:

21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө, анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: