Кеминде жансыз денеси токойдон табылган 16 жаштагы кыздын өлүмү: Министрлик тынчсызданып, ата-энелерге кайрылды
Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кыз киши колдуу каза болгон. Аталган окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдап, каза болгон өспүрүм №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү экенин кошумчалады.
"Бизге маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин өспүрүм толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12:00 чамасында үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай эле ал жансыз абалда табылган.
Укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.
Маркум 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келе жаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.
Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош, момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.
Кайгылуу окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникул маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат", - дешти мекемеден.
Окуянын чоо-жайы:
21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө, анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.
Автор: Бактыгүл Момбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.