super.kg logo

Кичүүсү 6 айлык. Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө

 

Өлкөдө коронавирус менен жабыркаган балдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев тастыктады.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган жалпы 22 бала дарыланып жатат. Алардын кичүүсү алты айлык болсо, улуусу 16 жашта. Ошондой эле дарыгер ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалы орточо оор экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, соңку суткада өлкө боюнча дагы 931 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, ушуну менен илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 116 миң 546 болду. Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну болуп жаткандыгын расмий тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: