Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги балдардан коронавирус табылды
Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги 8 баладан коронавирус аныкталып, имарат карантинге алынды. Бул боюнча SUPER.KG порталы аталган мекеменин директору Акылбек Асановго байланышканыбызда билдирди.
"Өткөн аптанын бейшемби күнү кызматкерлердин биринен коронавирус табылган. Дароо санитардык-эпидемиологиялык станциядан келишип, алар 50гө жакын баланы жана түздөн-түз байланышта болгон кызматкерлерди эки күн бою тестирлөөдөн өткөрүшкөн. Жыйынтыгы азырынча так эмес, бирок сегиз балага коронавирус диагнозу коюлганы алдын ала белгилүү болду. Азыр имарат толук карантинге алынды. Дарыгерлер бизге телефон аркылуу кеңеш беришүүдө, күн сайын ушул жерде иштеген дарыгер балдарды карап жатат. Баарынын абалы туруктуу", - деп айтты Асанов.

