"Тамак берүү, уктоо каралган эмес". Баткенде кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат

Белгилүу болгондой, 22-июнга карата министрликке кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу үчүн Баткен облусунан 29 өтүнмө келип түштү. Анын ичинде Баткен районунан – 5, Кадамжай районунан – 9, Лейлек районунан – 7, Сүлүктү шаарынан – 6, Айдеркен шаарынан – 1, Исфана шаарынан – 1.
"Ушундай эле өтүнмөлөр өлкөнүн бардык аймагынан кабыл алынды. Министрлик кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууга керектүү болгон документтерди кабыл алууну жыйынтыктап жатат. Атайын комиссия документтердин шайкештигин текшерип, талапка жооп берген өтүнмөлөрдү долбоорго кошот. Андан соң бакчаны уюштуруу боюнча тиешелүү жумуштар башталат.
Кыска мөөнөттүү бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай бакчада балдар 3 саат гана болушат жана аларга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү, уктоо каралбайт. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражатты керектейт. Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы да курулат", - деди мекемеден.
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландоодо. 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.