super.kg logo

"Иш берүүчү паспортторун алып койгон". Бурятияда укугу бузулган 6 Кыргыз жаранына жардам берилди

 

Бурятияда мыйзамсыз кармалып, укугу бузулган 6 Кыргыз жаранына жардам көрсөтүлдү. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2-июнда элчиликтин Иркутск шаарындагы кеңсесине Бурятиянын Мухоршибирский районунун Нижний Шатай айылында Кыргыз жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

"2021-жылдын кыш мезгилинде 6 Кыргыз жараны келишимдик негизде Бурятияга келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргыз жараны болгон. Эмгек акы төлөөнүн шарттары жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан иш берүүчү мекендештерибиздин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган.

14-июнда Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсеси Орусиянын Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын көмөгү менен алынган паспортторду ээлерине кайтарып берген. Эртеси алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишкен.

18-июнда калган 3 мекендешибиз жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул факт боюнча Бурятиянын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: