Өкмөт башчы Чүйдө балдардын массалык уулануусу боюнча кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 25-октябрда Чүйдүн Вознесеновка айылында балдардын массалык уулануусу боюнча кеңешме өткөрдү. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Кеңешмеде Сатыбалдиев окуя боюнча дыкат иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдарга чара көрүү тапшырмасын берди. Ички иштер министри Абдулда Суранчиевге бул факты боюнча кылмыш ишин козгоону тапшырды. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине балдардын сакайышына керектүү жардамды берүү талабы коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

