Чүйдө 34 жаштагы Элдияр Байгазиев 16 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатат
Чүйдүн Ысык-Ата районунда 34 жаштагы Элдияр Байгазиев аттуу жаран дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 7-июнь күнү аталган райондо жайгашкан сарайдан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: Бою 175-180 сантиметр, арык чырай, көздөрү кара, чачы кара.
Кийген кийимдери: үстүнө кара түстөгү футболка, ак түстөгү спорттук шым, көк түстөгү бут кийим.
Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0703 17 17 70, 0708 10 81 10 .
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.