super.kg logo

Мэрия: "Бишкекте бак-дарактарга чачылып жаткан аралашманын адамдарга эч кандай зыяны жок"

 

Буга чейин айрым массалык маалымат булактарында Бишкекте дарактарга белгисиз суюктук чачылып жаткандыгы айтылып, мындан шаар туургундары чочулап жаткандыгы боюнча маалымат тараган.

Аталган окуя боюнча Бишкек шаардык мэриясы расмий маалымат таратып, бак-дарактарды дарылап жаткан суюктук адамдарга эч кандай зыян алып келбей турганын билдирди.

"Тарап жаткан видеодогу унаа "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын атайын кызматтык унаасы. Ал эми чачылып жаткан суюктук аралашма (10 литр сууга 10 грамм өлчөмүндөгү химиялык каражат) гана кошулуп жасалат. Аралашма бак-дарактарды курт-кумурска сыяктуу зыянкечтерден коргоо үчүн колдонулууда. Белгилей кетсек, бул каражат адамдын организмине эч кандай терс таасир этпейт. Дарылоо иштери түнкүсүн жүрүп жаткандыгынын себеби - бул убакта дарактардын жалбырактары күйүп калуу ыктымалдуулугу аз болот.

Бишкек шаарынын тургундары, сиздерден суранабыз, дүрбөлөңгө алдырбаңыздар. Маалыматтарды расмий булактардан тактап, текшерип алууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат Бишкек шаардык мэриясынын маалыматында.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.06.2021. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол чымындан пил чыгаргандар кобойду
23.06.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер дарактарга себилип жатса, демек аламга деле зыяны жок да. Бир нерсе болсо эн биринчи осумдуктор, дарактар жабыркайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: