Чүйдө окуучу кыздын өлтүрүлүшү. Министрликтин кызматкерлери Кеминге барышты

Окуянын чоо-жайы:
21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.

