super.kg logo

Улукбек Марипов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ак ниеттик менен иштөөгө чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул жылы өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Биз республикабыздын калыптануусуна, чыңдалуусуна жана гүлдөп-өсүшүнө салмактуу салымын кошкон белгилүү ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасынын ардагерлери жана кызматчылары менен сыймыктанабыз.

Дүйнө өлкөлөрү учурда уланып жаткан коронавирус пандемиясынын татаал мезгилин баштарынан кечирүүдө. Мындай мезгилде ар бир мамлекет үчүн кесипкөй аракет, коюлган максаттарга жетишүүдө жана мамлекетти чыңдоодо мамлекеттик кызматкерлердин эриш аркак жана кайтарымдуу аракети өзгөчө маанилүү.

Мен сиздердин бардыгыңыздарды өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү, жарандарыбыздын жашоо сапатын жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн ак ниет, ачык, жоопкерчилик, кесиптик билимиңиздерди толук кандуу пайдалануу менен иштөөгө чакырам.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, кесиптик ишмердигиңиздерде жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм!”, - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: