Депутат: "Бишкекти таза аба менен камсыздап турган Ботаникалык бакты сактап калуу керек"
Депутат Улугбек Ормонов Ботаникалык бакты сактап калуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу сөз кылды.
"174 гектар аймакты ээлеген бакча жылдан-жылга жок болуп барат. Суу жок, ал тургай өрттөлүп кеткен учурлар да арбын. Бишкек шаарын таза аба менен камсыздап турган Ботаникалык бакты сактап калуу керек. Абалды көзөмөлгө алуу зарыл", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.