super.kg logo

"Алтын сертификаттын" ээси Сымбат: "Жаңылыкты укканда сүйүнгөнүмдөн токтоно албай ыйладым"

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, "Алтын сертификатка" ээ болуп, мыктылардын катарына кирген бүтүрүүчүлөр менен тааныштырууну улантабыз.

Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн бири Сымбат Касымбеков орто мектепте окуганына карабастан, өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу.

- Сымбат, өзүң тууралуу айта кетсең?

- Жөнөкөй үй-бүлөдө туулуп-өскөм. Биринчи класстан 11-класска чейин айылдагы орто мектепте окудум. Буга чейин биздин мектептен мындай сертификатты эч ким алган эмес. Ошондуктан айылга абдан чоң жаңылык болду, баары куттуктап жатышат. "Мурда башка жакта окуп келдиң беле?" деп сурагандар да болууда. Чындыгында мектептен алган билимим менен эле "Алтын сертификат" алган жокмун. Мектептен сырткары курстарга барып, окудум.

- Жалпы республикалык тестирлөөдөн 230 балл алуу үчүн кантип даярдандың?

- "Алтын сертификат" алуу оңой эмес. Тестирлөөгө бир жарым жыл даярдандым. Күнү-түнү талыкпай, баш-отум менен киришип окудум деп айта албайм. Өзүмдү эч нерседен чектеген жокмун. Досторум менен чогуу коомдук иш-чараларга активдүү катышып жүрдүм. Бирок ошол эле учурда аз-аздан, тынымсыз даярдыкты да токтоткон жокмун. 10-класста окуп жатканда тестирлөөгө даярдоочу билим берүү мекемелерине баргам. Ошол жактан көп нерсе үйрөндүм. Акыркы бир жарым айда катуу даярдандым.

- Өлкө боюнча эң жогорку баллды алгандардын тизмесинен үчүнчү орун алганыңды укканда кандай сезимде болдуң?

"Алтын сертификатка" ээ болгонумду тестирлөөгө даярдыктан өткөн "Секом" билим берүү мекемесиндеги мугалимдерим кабарлашты. Алгач мессенжердеги топтон "Алтын сертификат" алгандардын тизмеси жарыяланыптыр деп жатышканда абдан толкунданып, коркуп жаттым. Мен алдымбы же албай калдымбы деп ойлондум. "Сен алыптырсың" дешкенде тизмеден өзүмдүн атымды көргөнгө чейин ишенген жокмун. Керек болсо көргөндөн кийин да ишене албай турдум. Абдан сонун сезимдер болду. 2 жылдан бери кыялданып келгем. Толкунданганымдан, сүйүнгөнүмдөн токтоно албай ыйлап жаттым. Ата-энеме, бир туугандарыма, чоң ата, чоң энеме, досторума чалып сүйүнчүлөдүм. Алар да кубанычымды тең бөлүшүп жатышты. Ошондо жеңиштин даамын таттым десем болот.

- Азыр абитуриенттер үчүн эң маанилүү - кесип тандоо мезгили. Сен кайсы багытты тандап жатасың?

- Чет өлкөгө кетүүгө аракет кылып көрөм. Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайларды да байкаштырам. Компьютер инженериясын же колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүн тандап жатам. Кайсынысы мага жакын болсо, ошол жаатта билим алам. Азыр ойлонуп, маалымат топтоп жатам. Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин оюмдун баары ошол болуп жаткан. Азыр эми англис тилден курстарга барып жатам. Анткени программисттер үчүн абдан керек эмеспи.

Маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окуңуз.

Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу "Алтын сертификаттын" ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуңуз.







Алтын сертификаттын ээси Сымбат: "Тестирлөөгө даярданып жатып өзүмдү эч нерседен чектеген жокмун"

Автор: Самира Шарипова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.06.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң алдыңкы орундагы билимдүү жаштарыбыз башка мамлекеттен билим алам деп максат койгону аябай өкүнүчтүү. Бул мамлекеттин келечеги белгисиз туман болгону үчүн.
Мен дагы жакшы жашоо издеп чыгып кеттим. Бул жакта көп дос тааныштар чоң чоң клиникаларда иштеп жүрөт. Алар дагы жөнөкөй балдар эмес.
24.06.2021. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Секом Гүленчилерге карайтта, буларда тесттердин жооптору бүт бар...
02.07.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашасыз менин бир танышым секомдо окуп 107 балл алды окуу кк
SUPER.KG видео
16.07.2021. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: