Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору: "Кадыр күткөн саясатчыларга абакка түшүү чоң сокку болот"
SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков болду.
Ал абакка түшкөн саясатчылардан эмнени байкай турганын айтты.
"Абакка түшкөн саясатчылардын чыйралганын, бул убактылуу деп кабыл алышканын байкайм. Бардык инсандар үчүн биринчи жолу абакка түшүү психикалык сокку. Ал эми экинчи, үчүнчү жолу түшкөндөрдүн айрымдары өз үйүнө келгендей эле болушат.
Коомчулуктун көңүлү атагы чыккан адамдарга бурулуп калат экен да, ошондуктан саясатчылардын ооруганы көрүнүп калат. Ал жакка түшкөндөрдүн көбү ооруйт. Саясатчылар гана оорубайт. Бирок саясатчылар үчүн ал жакка түшүү өтө оор болот. Эл кубаттап, жогору жакта жүргөндөр үчүн бул чоң сокку болот", - деди ал.
"Дүйнө жүзү адамзат 2 укуктан такыр ажыратылбашы керектигин тааныган" дейт Бакыт Рысбеков
Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев, Айсалкын Качкынбекова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.